Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов коронавирус илдетин жуктуруп алган жана ал төрага Дастан Жумабеков баш болгон бардык кесиптештери менен байланышта болгон. Бул тууралуу 24.kg агенттигине парламенттен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, илдетти жугузуп алган эл өкүлү жакында эле Жогорку Кеңештин жыйынында болгон. Бирок ал өзүн начар сезип, түштөн кийин үйүнө кетип калган.
Мындан улам депутаттардын бардыгы коронавируска карата анализ тапшырууну ниеттенип жатышат.
Белгилей кетсек, Бейшеналы Нурдинов Жогорку Кенешке биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалып кеткен Алмазбек Баатырбековдун ордуна келген.
Муну менен парламентте коронавирус катталган экинчи учур. Кечээ, 18-июнда ЖК басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан аныкталганы белгилүү болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн