Бугу 16, 2024
Убакыт: 16:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Коронавируска 35 жаштан өйдө адамдар көп кабылат

Коронавируска 35 жаштан өйдө адамдар көп кабылат

Коронавирусту 35 жаштан жогоркулар көбүрөөк жуктуруп алышат, бирок ар бир адам ооруп калышы мүмкүн. Ымыркайлардын ата-энелери да сак болушу керек, себеби дүйнөлүк статистикага ылайык, жашоонун биринчи айындагы балдардагы вирустук оорулардын арасында коронавирус 5% учурда аныкталган. Бул ымыркайларда ооруга тубаса иммунитет жок экендигин билдирет. Бул тууралуу эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнүн неонатолог-дарыгери Айнара Доромбекова брифинг учурунда айтып берди.


Анын айтымында, окумуштуулар чоңдорго караганда балдар коронавирусту оңой өткөрөөрүн белгилешти. Бирок дүйнөдө оор формадагы учурлар да бар экендиги аныкталууда. Мүмкүн болгон кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн жаңы төрөлгөн ымыркайларда коронавирустун белгилерин байкап, качан адисти чакыруу керектигин билүү керек.


Неонатолог А.Доромбекованын айтымында, ымыркайларда COVID-19 симптомдору так билинбейт. Эгерде бала ооруп калса, анда ал:

· көп ыйлайт – бул пайда болгон дискомфортко реакция кылуу;

тамактан баш тартат;

· уйкусу начарлайт;

• ойгоо учурунда тынчы жок;

· оюнчуктарга көңүл бурбайт.

 

"Бир айга толо элек балдардагы бул симптомдордун баары ич ооруга да тиешелүү. Бул көйгөй ичеги-карын системасынын жетиле электигинен келип чыгат", - деп кошумчалады ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн