Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:50
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда дагы бир штаб түзүлдү

06.03.2020 11:33
739
Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда дагы бир штаб түзүлдү

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу дагы бир штаб түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтү билдирүү таратты.


Ага ылайык, бул жаңы штаб коронавирустан улам өксүп жаткан экономика жаатына басым жасайт. Кечээ, 5-мартта анын алгачкы жыйыны өтүп, аткара турган милдеттери айтылып, пландары түзүлгөн.

 

"Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлдү.  Республикалык штабды экономикалык маселелерге жооп бере турган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев, ошондой эле экономика министри Санжар Муканбетов штабдын төрагасынын орун басары болуп эсептелет. Штабдын биринчи жыйыны болуп, анын алдындагы маанилүү милдеттер жана маселелер белгиленип, каралды. Тармактык мамлекеттик органдарга тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана ата мекендик өндүрүштү өбөлгөлөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча тапшырмалар берилди", - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

 

Бул штабга өкмөттүн дээрлик толук курамы, фискалдык органдар, облустардагы өкүлчүлүктөр, Бишкек, Ош шаарларынын жетекчилери мүчө болуп кирген.

 

Эске салсак, өлкөнүн экономикалык коопсуздугу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында өкмөткө тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөө боюнча республикалык штаб түзүү сунушталган эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн