Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 21:07
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коронавируска каршы чаралар күчөтүлдү

27.01.2020 11:02
829
Коронавируска каршы чаралар күчөтүлдү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев  Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандар катталбаганын жана ооруну алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөндүгүн өкмөттүк жыйында билдирди.

Өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигине, Мамлекеттик чек ара жана эпидемияга жооп берүүчү кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилгендигин, бул багытта зарыл болгон бардык иш-чаралар жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, буларга токтолду: «23-январдан баштап Кытай менен каттам токтоду. “Торугарт” жана “Эркеч-Там” бекеттери Кытайдагы Жаңы жылга байланыштуу жабылат, бирок биз чектөөнү күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, продукция ташып келүү да токтоду. Ал эми аэропорттордо адамдын дене табын текшерүүчү тепловизорлор колдонулууда. Кошуна мамлекеттер менен чек арада кошумча 22 көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөл пункттары уюштурулду”.

Бүгүнкү күндө коронавирус жугуштуу оорусуна Кытайда 2300дөй киши чалдыгып, 80ден ашык адам каза болгондугу айтылууда. Бул боюнча Кытай лидери Си Цзиньпин вирус көзөмөлдөн чыгып, абал оорлошуп баратканын билдирген. Ошондой эле бул вирус дүйнөгө тездик менен жайылып баратканы тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тынчсыздануу менен билдирүүдө. Учурда АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда аталган вирусга чалдыккандар чыгууда.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн