Баш оона 22, 2025
Убакыт: 06:29
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Коронавируска маалымкат талап кылган Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө эскертүү берилди

06.05.2020 13:40
1404
Коронавируска маалымкат талап кылган Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө эскертүү берилди


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган. Ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалымкат талап кылышкан.


Бул чечимдер Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт.


Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн