Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков коронавируска шектелүүдө. Буга байланыштуу аны колониядан Бишкектеги №1 абакка которууда. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан 24.kg агенттигинен маалымдашкан.
Мекеменин маалыматына
ылайык, бүгүн иши тергелип, колонияда жаза өтөп жаткан С.Исаковдон ПЦР-анализ
алуу башталат. Ошондой эле өзгөчө абал учурунда тергөө изоляторунан колонияга
которулуп, учурда өздөрүн начар сезип жатканы тууралуу даттанган бир катар
соттолуучулардан да коронавируска карата анализ алынат.
“Эгерде кимдир бирөөнөн COVID-19 аныкталса, токтоосуз түрдө №47 жаза өтөө жайына которулушат. Ал жерде атайын медициналык бокс, жасалма дем алдыруу аппараты жана адистештирилген дарыгерлер тобу уюштурулган”, - деп билдирди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан.
Эске салсак, Бишкек шаарынын Свердлов
райондук соту экс-премьер-министр Сапар Исаковду коррупция боюнча күнөөлүү деп
таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө
калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн