Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирустан кийинки өнүгүүнү каржылоо боюнча эл аралык форумдан фоторепортаж

29.05.2020 09:06
940
Коронавирустан кийинки өнүгүүнү каржылоо боюнча эл аралык форумдан фоторепортаж


Кечээ, 28-майда «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу эл аралык форум өттү.

Форум БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарын каржылоо боюнча Достук топторду негиздөөчүлөр катары Канада менен Ямайканын өкмөттөрү тарабынан уюштурулган.

Иш-чара видеоконференция форматында өтүп, анын жүрүшүндө БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Германия, Франция, Швейцария, Италия, Улуу Британия, Испания, Канада, Аргентина, Япония, Сауд Арабиясы, Казакстан, Тажикстан, ТАР, Алжир, Гана жана башка Европа, Америка, Азия, Африка өлкөлөрүнүн лидерлери баяндама жасашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков аталган эл аралык форумга катышып, учурда түзүлгөн кырдаалда БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө өлкөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча бир катар сунуштары менен чыгып сөз сүйлөдү.

Сүрөттөр президенттин басма сөз кызматынан алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн