Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:50
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Коронавирустун 2-толкуну күзүндө башталышы мүмкүн экени айтылды

14.05.2020 18:17
2369
Коронавирустун 2-толкуну күзүндө башталышы мүмкүн экени айтылды


Дүйнөлүк вирусологдор пандемия жай айларында солгундап, күзүндө экинчи толкуну кайра башталат деп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Акматова бүгүн, 14-майда парламент жыйынында билдирди.


Эл өкүлү өкмөттүн антикризистик пргограммасында коронавирустун экинчи толкуну башталып калса, ага каршы туруу боюнча план каралганына кызыкты. Кудай сактасын, коронавирустун экинчи толкуну күзүндө кайра жайылып калса, ага каршы күрөшүү тууралуу план барбы?”, - деп сурады.


Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, бул боюнча даярдык көрүү планы түзүлүп, эске алынып жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясы боюнча атайын резервдер камсыздалып жатат. "Экономикалык жагынан айта турган болсом, кыска жана узак мөөнөттү антикризистик планга кирип жатат", - деди ал.


Министр Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, бул илдеттин жайылышына даярдык көрүү боюнча жугуштуу оорулар ооруканаларда оңдоп-түзөө, атайын каражаттар менен камсыздоо, бөлмөлөрдү даярдоо жана жеке коргонуу каражаттарынын запастарын камдоо жумуштары жүрүп жатат. Мындан тышкары обсервациялар даярдалып жатат, 3-4 булактан түшкөн акча каражаттары бул оорунун жайылышын күчөтпөө иштерине сарпталат. 16 медициналык мекемелерде ремонт иштери жүрөт жана жасалма дем алдыруу аппараттары менен камсыздалат. Ошондой эле ар бир облуста бирден лаборатория уюштуруу пландалып жатат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гулшайыр
Кудай сактасын жакшы соз угалычы