Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:40
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Коронавирустун “алсыз жайын” баарыбыз аңдашыбыз керек

27.03.2020 11:21
759
Коронавирустун “алсыз жайын” баарыбыз аңдашыбыз керек


Швейцария мамлекетинин расмий билдирүүсүндө бүгүн 26-март, түшкү саат 12деги көрсөткүч боюнча 10714 киши коронавирус оорусун жуктуруп, 164 киши каза тапты.


Кечээ эртең менен эле каза болгондор саны 90 киши болчу. Бул – мамлекет үчүн чоң коңгуроо! Мамлекет бул апаатка каршы туруу үчүн өкмөт программасына 20 миллиард франк жардам акча даярдалып жатканын билдирди. Мамлекеттин күчүндө шек жок бирок ал калкты толук аскердик тартипке салган жок, мамлекет бардык шартты түзүү менен, түшүндүрүү иштерин кынтыксыз кылуу менен элди өз түшүнүгүнө гана ишенип тим коюуда.


Туура, эрежеге ылайык көчөдөн 5 кишиден ашык киши топтолгонун көрбөйсүң дүкөн, дарыканаларда темирдей тартип бирок… Бул канчалык туура, ката кай жерден кетүүдө же бул илдеттин каары баары бир ушунча болмокпу… аны эч ким айта албай турат… Адистер бул пандемия өз пигине жеткени калды дешүүдө… Ооба, үмүт ошондой. Баарыбыздыкы. Кандай болгон күндө да бул илдеттин бир “алсыз жайын” баарыбыз аңдашыбыз керек: учурда бүт дүйнө ооруп бири аны кайра жеңүүдө. Ал ошентип сырын алдырып, башкаларга сабак берүүдө. Демек кыргыз адистери мындайдын бир ирмемин да көз жаздымда калтырбашы керек!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн