Бугу 03, 2024
Убакыт: 03:20
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Коронавирустун айынан кызматынан кеткен Космосбек Чолпонбаев тууралуу кызыктуу фактылар

16.09.2020 11:04
1322
Коронавирустун айынан кызматынан кеткен Космосбек Чолпонбаев тууралуу кызыктуу фактылар


Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен 15-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалган. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги экс-министр тууралуу 10 фактыны сунуштайт. 


1) Космосбек Чолпонбаев 1963-жылдын 20-апрелинде Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында туулган. 


2) Казакстандын Алматы шаарындагы мамлекеттик медицина институтун "фармация" адистиги боюнча 1985-жылы бүтүргөн; 


3) Сеченов атындагы Москва медициналык институтун аспиранты;


4) КММАнын фармацевтика, аналитикалык жана органикалык химия кафедрасынын окутуучусу;


5) Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника бөлүмүнүн башчысы;


6) Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары;


7) Кыргызстандын Фармацевтика союзунун төрагасы, фармацевтика илимдеринин доктору; 


8) 2018-жылдын 20-апрелинен, 2020-жылдын 1-апрелине чейин Кыргызстандын саламакттык сактоо министри; 


9) Ушул жылдын 31-мартында президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында министр Космосбек Чолпонбаевдин ишин катуу сынга алган; 


10) Ушул жылдын 9-июлунда Финполго суракка чакырылган.






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн