Бугу 11, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

COVID-19дун белгилери адамда эки айга чейин сакталышы мүмкүн, - пульмонолог

08.08.2020 12:11
1029
COVID-19дун белгилери адамда эки айга чейин сакталышы мүмкүн, - пульмонолог


Коронавирустун белгилери эки айга чейин сакталышы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев 8-августтагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, коронавирус менен ооруган адамда иммунитет пайда болот. Дарыланып, айыккандан кийин кайра ооруп калам деп кооптонбош керек. Эки жума карантинде болгон адам толук мурунку жашоосуна кайтса болот. 


"Коронавирустан айыккандан кийин деле бул оорунун белгилери эки айга чейин сакталышы мүмкүн. Адам алсыз болуп, дем алуусу оорлоп, көкүрөк тарабы ооруган белгилер болот. Бул симптомдор кайра вирус пайда болду дегендик эмес. Аны кайрадан дарылоого зарылчылык жок. Себеби, организмдин калыбына келүүсү узакка созулат. Ал эми, үйгө чыгарылгандан кийин дагы белгилери пайда болуп, адамдын ден соолугу начарласа, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Анткени, бул башка оорунун белгилерин билдириши мүмкүн. Эгерде башка органдардын ооруларынын белгилери болсо: өпкө оорулар, жүрөк-кан-тамыр жана башка оорулар болсо, үй-бүлөлүк дарыгерге, андан кийин түздөн –түз ооруну дарылаган профилдик адистерге кайрылуу керек.  


Пневмониядан айыккан адамдар кайра рентгенге же компьютердик томографияга түшүп, өпкөдө тактар бар экен деп сарсанаа болуп жатышат. Оорудан айыккандан кийин деле өпкөдөгү тактар 6 айга чейин сакталышы мүмкүн. Ошондуктан ага сарсанаа болуунун кажети жок",  - деди пульмонолог. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн