УКМК 2022-жылдын декабрь айына чейин мамлекеттик бюджетке 8 миллиард сомдон ашык каражатты кайтарды. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев парламенттин 8-декабрдагы жыйынында билдирди.
«2020-жылдан баштап, эки өкмөттүн токтому бар, ошонун негизинде укук коргоого органынын деңгээлинде депозиттик эсеп ачылган. Республикалык бюджеттин эсебине жалпысынан 8 млрд сом түштү», — деди Бакетаев.
Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коррупциядан өндүрүлгөн каражат аскердик техникаларды алууга керектелген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн