Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:27
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Коррупциялык схема түзгөн Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды

16.12.2022 10:33
333
Коррупциялык схема түзгөн Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри кармалды


  УКМК Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасында коррупциялык механизмдер аныкталган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

 Такталгандай, 2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги материалдык пайда алуу максатында, ишкананын өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз чыгарып кетүү уюштурулган. 

  Өзгөчө, каржылоонун бекитилген жана мыйзамдуу булактары болбостон, чыгаша бөлүгүн жасалма түрдө ашыкча баалоо жолу менен «Бишкексвет» ММ имараттарын жана курулмаларын капиталдык оңдоодон өткөргөн. Мындан тышкары, 2 миллион 300 миң сомго жакын ишкананын негизги каражаттарын (түтүн чыкчу түтүкчө) уурдоо фактысы аныкталды.


 2016-2019-жылдары «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксаттарды берүүдө жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына кошууда мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы 31 миллион сомго жакын зыян келтирген.


  Бул коррупциялык компоненттер иштеген мезгилде «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын директору А.А.А. болгон, буга чейин Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматын аркалаган.  

 

 2022-жылдын 15-декабрында козголгон кылмыш иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык А.А.А. кармалды жана КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

  Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн