Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Кошунам (Коңшу эки элибизге ынтымак, тынчтык тилейм)

11.05.2021 09:32
1554
Кошунам (Коңшу эки элибизге ынтымак, тынчтык тилейм)


Кошунам, укчу, кошунам,

Кош ойго батып отурам...

Жалаалуу, доолуу  болдумбу,

Жаман сөз чыгып оозуман..?


Кошунам, жакын кошунам,

Короосун коргойт боз улан.

Колуңда сенин мылтыктын,

Коргошун учту оозунан...


Кошунам, токто, кошунам,

Корколу ыйман сотунан.

Кудайым кошкон эки эл,

Күйбөйлүк тозок отунан..!


Оюм он талаа...жошулам...

Омурткам сыздап отурам...

Окко учкан оттой гүлдөрдү, 

Жоктойлу бирге, кошунам...


Жоо болбойм сага, кошунам,

Жолуңа тоодой тосулам.

Доом бар айтар жана да,

Дос болуп, колдой созулам!


Конокко келсең чакырам,

Кой союп тосот, кыз, улан!

Кол эмес, тилим тийгизбейм,

Пейлим ак, билгин, кошунам.


Кол менен салган жаш улан,

Коргонун буздуң тосулган...

Ак тилек менен салды эле,

Арам кол сундуң кокустан.


Жаманды жаман дос кылган,

Жамандык баарын жок кылган.

Абийир, намыс өйдөрөөк,

Араздык кылган досуңан.


Ала-Тоону жер кылган

Ак калпак кыргыз - кол сунган.

Дини бир  жакын эл болом,

Душманым дебе, кошунам.


Эки элибиз дос болуп,

Барктуу болгон апалар.

Бирин-бири сыйлашып,

Нарктуу болгон аталар!


Кайда калды тепселип,

Андагы тилек-баталар?

Кантип эми унтулат,

Кечээки кеткен каталар?!


Ый эмес, ырыс кошулган,

Ынтымак тилеп кол сунам.

Кылыбыз сынбай жашайлы,

Кылымдар узак созулган.


Тынчттыкты тилеп кол сунам,

Тынччылык жолго кошулам.

Коогалуу ойду таштайлы,

Колуңду бергин, кошунам.


Кудайдын берген тынчтыгы-

Бүгүнкү бизге канагат!

Эки элдин достугу-

Эртеңки күнгө аманат!

Туура айтамбы, кошунам?!


Сулайман РЫСБАЕВ, балдар жазуучусу

Май, 2021-ж.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн