Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кошунасынын үйүнө кеткен бойдон дайынсыз болгон 14 жаштагы бала мөнгүнүн арасынан табылды

09.07.2020 09:34
995
Кошунасынын үйүнө кеткен бойдон дайынсыз болгон 14 жаштагы бала мөнгүнүн арасынан табылды

 

 

Жалал-Абад облусунда кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз болгон 14 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Ноокен районунда 26-июнь күнү саат 19:00 чамасында 2006-жылы туулган бала Тоскоол-Ата токой чарбасынын Беш-Теке жайлоосундагы кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.


2-4-июль күндөрү куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес.


8-июль күнү  жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдун жансыз денеси жайлоодон табылган.


Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, 14 жашар бала жолдо бара жаткан учурда катуу жаан жаап, коюу туман болгондуктан, жолдон адашып, мөңгүгө кирип кетип каза болгон. Баланын денеси жакындарына өткөрүлүп берилген.


Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 14 жаштагы бала кошунасыныкына чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканы айтылган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн