Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Косметикалык буюмдарды алып, акчасын бербей жүргөн аял кармалды

01.06.2022 13:18
930
Косметикалык буюмдарды алып, акчасын бербей жүргөн аял кармалды

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.


5-майда Ысык-Көл райондук милициясына 58 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз аялды алдамчылык фактысы боюнча жоопкерчиликке тартууну суранган. Арыз ээсинин айтымында, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясында косметиканы сатуу менен алектенет. 30-апрель күнү саат 13.00дөр чамасында алардын соода түйүнүнө чала тааныш аял келип, өзүн эс алуучумун деп тааныштырып, ишенимге киргенден кийин, жалпы суммасы 15000 сомду түзгөн косметиканы карызга алып, кайра кайрылбай качып кеткендигин билдирген.


Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин КБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Ысык-Көл райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну аталган кылмышка шектүү катары кармалды. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүү аялдын дагы 4 алдамчылык фактыларына тиешестиги бар экени аныкталган.


“Тергөө кызматы, кылмышка шектүүнүн, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул аялдын алдамчылык аракеттеринин жабыркаган жарандарды, 0709203087, 0999234034 телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт”, - деп айтылат маалыматта.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн