Бугу 13, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жактоочу ооруп жатканына байланыштуу жылдырылды

12.08.2020 11:52
928
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жактоочу ооруп жатканына байланыштуу жылдырылды


Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча 12-августка белгиленген отурумга жактоочулар келген жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Атамбаев, Ф.Ниязов, И.Карамушкина, А.Кодуранова, Р.Жеенбеков, М.Мискенбаев, К.Жолдубаева, К.Сагымбаев, М.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Баабиев, К.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралмак.


Айыпталуучу А.С.Кодуранованын жактоочусу Г.Дуйшенбекованын келбегендигине, андан сырткары айыпталуучулар К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев жана К.А.Осмоналиевдердин жактоочусу Б.Автандил уулунун ооруп жаткандыгына байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 17-августка саат 10:00гө жылдырылган.


Буга чейин жактоочу Замир Жоошев айыпталуучулардын процесске катыша албаганы белгилүү болуп турса дагы, сот отурумдары белгиленип жатканын айткан.


Белгилей кетсек, “Медиа центр” мультимедиалык агенттигине ЖАМК айыпталуучуларды алып келүү боюнча соттон расмий билдирүү түшпөгөнүн, отурумдардын жылганына мекеменин эч кандай тийешеси жок экенин айткан.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн