Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:10
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна айыпталуучулар менен жактоочулар келген жок

29.07.2020 16:12
1066
Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна айыпталуучулар менен жактоочулар келген жок


Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча 29-июлга белгиленген отурумга айыпталуучулар жана жактоочулар келген жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Атамбаев, Ф.Ниязов, И.Карамушкина, А.Кодуранова, Р.Жеенбеков, М.Мискенбаев, К.Жолдубаева, К.Сагымбаев, М.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Баабиев, К.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралмак.


Айыпталуучулардын алынып келинбегендигине жана жактоочулардын келбегендигине байланыштуу, соттук териштирүү 3-августка саат 10:00гө жылдырылган.


Буга чейин жактоочу Замир Жоошев айыпталуучулардын процесске катыша албаганы белгилүү болуп турса дагы, сот отурумдары белгиленип жатканын айткан.


Белгилей кетсек, “Медиа центр” мультимедиалык агенттигине ЖАМК айыпталуучуларды алып келүү боюнча соттон расмий билдирүү түшпөгөнүн, отурумдардын жылганына мекеменин эч кандай тийешеси жок экенин айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн