Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумунда жактоочулар судьяны алмаштырууну сунуштап, ал четке кагылды

01.06.2020 16:42
1041
Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумунда жактоочулар судьяны алмаштырууну сунуштап, ал четке кагылды

 

Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум уланууда.


Буга чейин судья Марат Сыдыков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сот залынан четтеткен болчу. Мындай чечимге макул болбогон жактоочулар, судьяны алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылышкан.


Ал эми судья кеңешме залына кирип чыккандан кийин бул сунушту канаттандырган эмес.


Мындан улам жактоочулар иш Аламүдүн райондук сотунда каралсын деген өтүнүч келтирген.


Марат Сыдыков чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кеткени айтылат.


Эске салсак, Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон. Анын катарында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жана 2019-жылдын 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдар өтүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн