Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргыз Премьер-лигасы качан башталат? Федерациянын расмий жообу

19.05.2020 12:04
1042
Кыргыз Премьер-лигасы качан башталат?  Федерациянын расмий жообу


Футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасы качан башталары азырынча белгисиз. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.

 

Анын айтымында, өлкө чемпиондугу Кыргызстанда абал турукташса эле дароо башталат. 


“Азырынча биз эч нерсени конкреттүү түрдө пландай элекпиз, анткени эмне болуп кетерин билбейбиз. Биз Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин спорттук саамалыктарды өткөрүүгө уруксат берүүсүн күтүп жатабыз. Андан соң Саламаттыкты сактоо министрлигинен оюндар өтүүчү стадиондор жана машыгуучу жайлар текшерилиши керек. Мындан кийин гана биз 2020-жылдагы сезонду уланта алабыз”, - деди Толкачев.


Мындан сырткары, КПЛдеги оюндардын санын азайтуу каралып жатканын жана баардык 9 команда сезонду соңуна чыгарууну көздөп жатканын кошумчалады. 


Эске салсак, буга чейин коронавирустан улам жаралган экономикалык абалга байланыштуу өлкө чемпиондугундагы командалардын саны кыскарып кетүүсү мүмкүн экенин божомолдогон болчук.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн