Бугу 12, 2024
Убакыт: 19:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Көзү азиз дзюдочу Хайхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын утту

23.10.2023 15:12
1509
Көзү азиз дзюдочу Хайхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын утту


Кыргызстандык спортчу Хайхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарында алтын медаль тагынды.


Ал 23-октябрда азиздер арасындагы дзюдо боюнча турнирде 48 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.


Хусан кызы 1/2 финалдан баштап, Индонезиянын өкүлү Новиа Ларассатини 1 мүнөт 12 секундда жеңип алды.


Финалдык беттеште кыргызстандык спортучунун атаандашы жапониялык Хангай Шизука болду.


Хусан кызы 1 мүнөт 26 секундда атаандышын утуп, алтын медаль тагынды.


Бул медаль Кыргызстан үчүн Кытайдагы оюндарда биринчи, ошондой эле Пара Азия оюндарында өлкөнүн тарыхындагы биринчи медаль болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн