Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 14:26
USD
86.65
87.15
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Кримтөбөл Кадыр Досонов өлтүрүлдүбү? Жактоочусунун жообу

09.01.2024 12:31
353
Кримтөбөл Кадыр Досонов өлтүрүлдүбү? Жактоочусунун жообу


Кечээ кечинде социалдык түйүндөрдө Бишкектеги СИЗО-1де "Женго" аттуу лакап аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тараган.


Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева социалдык тармактарда кыргыз сегментинде тараган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.


«Биз Досоновдун өлүмү боюнча мындай жалган маалымат атайын даярдалган деп шектенип жатабыз. Бул атайылап жасалган провокация, балким кимдир бирөө кандайдыр бир нерсени пландап жаткандыр», - деп түшүндүрдү Сүйүнбаева.


Ал белгилегендей, кримтөбөл Бишкектеги СИЗО-1де изоляцияланган камерада кармалууда жана ага атайын мекеменин кызматкерлеринен башка эч ким ага кире албайт.


Эскерте кетсек, мындай маалымат биринчи жолу чыгып жаткан жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн