Женго каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Кадыр Досоновдун иши боюнча сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу райондук соту Досоновго коюлган айыптарды карап чыккан. Соттун чечимине ылайык, Досонов кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча актаган.
Ошондой эле, жер тилкеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу Кадыр Досонов сот залынан бошотулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн