Коронавируска каршы бир нече вакцинанын ийгиликтүү сыноосу оор кризиске кептелген өлкөлөргө үмүт берди. Жапырт эмдөөдөн кийин узак убакытка созулган локдаундан чыгабыз деген ишенич болууда. Вакцина дүйнөлүк экономиканы жүз жылдыктын эң ири кризисинен куткара алабы?
Масштабдуу кризис дүйнөдөгү көп жылдык экономикалык өсүүнү токтотту. Көп өлкөлөр бир нече жылга артка кетип, салык түшпөй киреше кескин кыскарды. Салыктан түшкөн каражат азайганына карабастан, кризисти жайгаруу үчүн акча жумшала бериши керек. Дүйнөлүк валюта фонду беш жылдын ичинде 28 триллион доллар киреше түшпөй каларын айтууда.
Жашоого жана өнүгүүгө барган сайын аз каражат жумшала баштады. Ал эми карыздар болсо өсүп жатат. 2020-жыл үчүн карыз 20 трлн долларга көбөйүп, дүйнөлүк экономиканын жылдык көлөмүнөн үч жарым эсеге ашып түштү. Бул кризистин бир гана себеби бар - вирус.
Бир нече вакцинанын ийгиликтүү болгону каржы базарын дагы кубандырды. Американын борбордук банкынын жетекчиси Жером Пауэлл муну "күттүргөн жана жагымдуу жаңылык" атады. Бирок анын экономикага таасири дароо байкалбайт. Пауэллдин европалык кесиптештери дагы кризис бүттү дегенге али эрте экенин эскертүүдө.
"Көйгөйдүн медициналык жактан чечилиши айкын болуп калды. Бирок экономиканы калыбына келтирүү жолу мурдагыдай эле татаал",-деди Эл аралык валюта корунун жетекчиси Кристалина Георгиева.
Жапырт эмдөө башталса, локдаун болбошу толук мүмкүн. Буга чоң үмүт бар. Мындай болгондо бизнес жанданат, инвестиция кайра калыбына келе баштайт. Керектөөлөр мурдагыдай өсөт.
Керектөө жана инвестиция - экономикалык өсүүнүн негизги өзөгү. Дал ушул экөө кризисте катуу жабыр тартты. Калган экөө - соода менен өндүрүш кыскарганы менен көп жабыр тарткан жок. Жайдан баштап кайра калыбына келүүдө. Жалпысынан вакцина учурдагы кризис алып келген каржылык жоготууларды алдыдагы беш жылда 9 трлн долларга кыскартат деп эсептеди Эл аралык валюта кору.
Деген менен алдыдагы кыш дагы дүйнөлүк экономика үчүн чоң сыноо болуп калмакчы. Европадагы экинчи локдаун, пандемиянын экинчи толкунун АКШ оздуктай албай жатканын буга жүйөө тартсак жетиштүү. Америка менен Евробиримдик дүйнөлүк экономиканын үлүшүнүн үчтөн бирин түзөт. Алар инвестициянын негизги булагы саналат. Ошондуктан алардагы абал дүйнөлүк экономиканын көрсөткүчү болуп калмакчы. Аларсыз эле пандемияны жеңип чыккан өлкөлөр, биринчи кезекте Кытай калыбына келүү жолуна түшкөн менен жоготууларынын ордун толуктай элек. Соңку көрсөткүч, анализдер дагы жакшы эмес. Вирустун экинчи толкуну менен кайрадан локдаун жарыяланышы Европада тейлөө кызматтарын бууду. Кайра бутуна турууга умутулуп жаткан туризм тармагын үзгүлтүккө учаратты.
"Азырынча кишилер топтошуудан оолактап жатканда, экономика толугу менен калыбына келбейт",-дейт дүйнөнүн башкы банкири Пауэлл.
Чыгашаларын кескин кыскартканына карабастан авиакомпаниялардын абалы оор бойдон калууда. Эгерде жай айында Эл аралык аба транспорт ассоциациясы (IATA) бул жылы жана кийинки жылдагы жоготуулары 100 млрд доллар болушу мүмкүн экенин алдын ала болжогон болсо, соңку аптада кайра жаңыланган божомолдогу жоготуулар 150 млрд. доллар деп айтылат.
Керектөөчүлөрдүн суроо-талабы экономикалык өсүүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири эмеспи. Ноябрда керектөөлөр кайрадан төмөндөп баштады. Негизги көйгөй - керектөөчүлөрдүн эртеңки күнгө ишеними жок экени. Кандай гана экономикалык каатчылык болбосун, ал жумушсуздукту пайда кылат. Ошондуктан керектөөчүлөр эртең абал кандай болот деп, каражаттарын үнөмдөөгө өттү.
Европа Биримдигиндеги өлкөлөр бизнести жасалма жол менен кармоого аракет кылууда. Коронавирустун экинчи толкуну экономикалык кризистин дагы экинчи толкунун жаратты. Бирок эконмисттер кайра кайталанган сокку жаздагыдан алсыз болоорун айтууда. Анткени көптөгөн тармактар пандемия шартында иштеп кетүүгө ыңгайлашты. Бул ириде өндүрүшкө тешелүү. Заводдор толук кандуу иштөөгө өттү. Маселен, бул жагдайдан алганда Германия сыяктуу өндүрүшкө басым жасаган өлкөлөр кризистен батыраак бутка туруусуна өбөлгө болот. Ал эми кызмат көрсөтүүгө багыт алган Испания же Греция сыяктуу өлкөлөр үчүн оор. Экинчи толкун өтүп кеткенден кийин Батыштын экономиканы жасалма жол менен кармап турууга канчалык мүмкүнчүлүгү жетет? Ушундан көп нерсе көз каранды.
Кризистин биринчи толкунунда бай өлкөлөр калкка жана бизнеске чоң колдоо көрсөттү. Ошонун эсебинен экономика солгундап кеткени менен калктын кирешеси кыскарган жок. Кризистен канчалык бат чыгып кетүү өкмөттөрдүн колдоосуна байланыштуу болот.
ИДПнын толук калыбына келип, 2019-жылдагыдай деңгээлге чыгышы 2022-жылга чейин созулушу мүмкүн дейт адистер. Пандемиянын таасири бир топ жылга чейин сакталат. Ооптимистик көз карашта болгон күндө дагы массалык түрдө эмдөөгө көп убакыт сарпталат. Калктын чоң бөлүгү баары артта калганына ишенгенче дагы бир жыл толугу менен "пандемия жылы" болуп кала бермекчи дейт экономика адистери.
Булак: Би-Би-Си
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн