Кулжа 29, 2024
Убакыт: 12:00
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Сыймык Жапыкеев кызматынан ашыкча пайдаланып жатабы?

05.11.2020 11:23
3617
Сыймык Жапыкеев кызматынан ашыкча пайдаланып жатабы?


Кубанычбек Жумалиев Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеевди сотко берерин маалымдады. Бул тууралуу ал бүгүн журналисттердин Жумалиевдин мүлктөрүнүн тинтилиши боюнча суроолорго жооп берип жатып  билдирди. 


"Сыймык Жапыкеев кухнясында отуруп алып элге калп айткандын аркасынан кечээ келип мага тиешелүү эмес, менин эжемдердин, туугандарымдын мүлктөрүнүн кийлигишип, беткапчан, мылтыкчан барышыптыр. Алар эмне террорист беле? Бул жерде Жапыкеев түздөн-түз кызматтык абалынан пайдаланып мыйзамсыз иштерге барып жатат. Жапыкеевди сотко берем. Жактоочуларым арызды даярдап жатышат. Бүгүн, эртең сотко кайрылабыз. Мен эч кандай мыйзамсыз байыган эмесмин. Мен илимпоз, билимдүү адам катары эч качан коррупциялык иштерге барган эмесмин", - деп билдирди депутат.


Эске салсак, кечээ Финполициянын өкүлдөрү Жумалиевдин мүлктөрүн тинтүүгө алган эле.

Пикирлер (7)

Коопсуздук коду
Асылкул
Туугандарына каттатып койуп байыганы анык. Саясатчылардын баары өзүнө каттатпай эл баарын билет. Өзүнөр келесоо болсонор башканы ошондой ойлобогула
Талас
Ак эмгек менен адам мынчалык жомоктой байый албайт коо.
Азамат
Жумалиев Эми олдун го алгандын бермеги бар дегендей Эми жооп бер ичип жегенин учун!
алик
терористен дагы жаман корупционер озунун мулкун башка бироолорго каттатып коюп отурат эчнерсе билмексен болуп
Назгул
Билимдуу ,ак адам болсо, Гоин,Таатан ж. Б. Соода борборлорун мамлекетке откоруп берсин.
Камалдин
Бул адам Куран кармаганда эле түңүлгөм ,өзү окумуштуу болсо кантип байыды , байлыгы болбогондо Розахан да тийбейт болчу