Кубатбек Кожоналиев "Кумтөр Голд" компаниясынын корпоративдик башкаруу жана укуктук маселелер боюнча директору болуп дайындалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга ал өзү тастыктады.
Аны кызматка дайындоо боюнча буйрукка узаган жумада "Кумтөр голд компанинин" убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк кол койгон.
Кожоналиев ишкананын коопсуздук кызматын, өкмөт жана региондор менен иштөө боюнча башкармалыкты, ошондой эле ЖМКлар менен иш алып баруу бөлүмүн тескейт.
Ал "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын ишине да кол кабыш кылганын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн