Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов 12-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка суракка кирип кетти.
Ал журналисттерге кандай факты боюнча суракка чакырылгандыгын азырынча билбей тургандыгын айтты.
"Балким коронавирустук пандемиядан улам болушу мүмкүн", - деди Боронов.
Мыйзам бузуулар болду деп эсептейсизби деген суроого Боронов терс жооп берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн