Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кубатбек Боронов жарандарды сасык тумоого каршы эмдөө зарылдыгын айтты

10.06.2020 20:29
741
Кубатбек Боронов жарандарды сасык тумоого каршы эмдөө зарылдыгын айтты


Жарандарды сасык тумоодон вакцинациялоо боюнча маселени иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов шаардын эпидемиологиялык абалы боюнча Бишкек мэриясынын жетекчилиги менен өткөргөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, калк арасында коронавирустун жаңы толкуну ыктымал экендиги жана иммунитетти чыңдоо, маска кийүү, обочолонууну сактоо зарылдыгы тууралуу кеңири маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүү зарыл.

Инфекциянын жугушун максималдуу түрдө азайтуу керек, өзгөчө коомдук жайларда”, - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин, турак-жай менчик ээлеринин башчыларынын COVID-19 дартынын белгилерин алып жүргөн тургундар тууралуу маалымат берүү ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн