Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 18:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кулпунай кайсы ооруларга даба экенин билесизби?

03.07.2023 08:28
885
Кулпунай кайсы ооруларга даба экенин билесизби?


Жай мезгили – организмибизге эң зарыл болгон витаминдердин запасын топтоп алууга эң ылайыктуу мезгил. Пайдалуу витаминдердин бир булагы болуп кулпунай эсептелинет.


Кулпунай – биздин организмибизге зарыл болгон минералдардын негизги булагы болуп эсептелет. Анын курамында көп өлчөмдөгү витаминдерден тышкары темир, магний, калий, кальций, цинк, фосфор жана башка минералдык заттар бар. Орточо чоңдуктагы бир лимондо канча С витамини бар болсо, кулпунайдын беш даана мөмөсүндө да дал ошончо С витамини бар. Бул витаминге каныккандыгы жагынан кулпунай жемиштердин арасынан кара карагаттан кийинки экинчи орунда турат. Ал эми курамындагы фолий кислотасы боюнча жүзүм менен малинанын алдында. Андыктан, күнүнө бир нече даанадан кулпунай жеп, иммундук системаңызды, жүрөк булчуңдарыңызды бекемдеп алсаңыз болот.


Кулпунай кайсы ооруга даба? Кулпунайдын пайдалуу касиети катары анын тамак сиңирүүгө жакшы таасир этип, табитти жакшырткандыгын, заара кубалоочу касиетке ээ экендигин айтууга болот. Ал организмди тазалайт, курамындагы антиоксиданттын эсебинен картаюу процессин жайлатат. Элдик медицинада бул жемишти аз кандуулукта, гипертонияда, атеросклероздо кулпунайдын маңызы дары катары колдонулат. Аны даярдоо татаал эмес: 50 грамм кулпунайдын үстүнө 200 мл кайнак суу куюп, демдеп коюу керек. Эки сааттан соң суюктукту бөлүп алып, күнүнө 3-4 жолу 50 граммдан ичүү сунуш кылынат. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн