Бугу 21, 2024
Убакыт: 14:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кулубаев Астана шаарында өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларына Тажикстандын агрессиясы тууралуу айтып берди

14.10.2022 09:48
329
Кулубаев Астана шаарында өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчыларына Тажикстандын агрессиясы тууралуу айтып берди

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астанада КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумунда Тажикстандын Кыргызстанга агрессиясы тууралуу маалымат берди.


Ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, отурумда министр аймактык коопсуздук темасына токтолуп, 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө келишимде, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясында жана 1993-жылдын 22-январындагы КМШнын уставында катышуучу-мамлекеттер өз ара мамилелерин мамлекеттик эгемендүүлүктү таануунун жана урматтоонун, теңдиктин принциптеринин, күч колдонуудан жана күч менен коркутуудан баш тартуунун, ошондой эле талаш-тартыштарды макулдашуу жолу менен чечүүнүн негизинде өнүктүрүүгө милдеттенишкенге өзгөчө көңүл бурду.


Бул багытта Кулубаев шериктештиктин уставдык документтеринин бардык нормаларына жана жалпы таанылган аймактык бүтүндүктүн, кол тийбестиктин жана чек аралардын кол тийбестигинин принциптерине карама-каршы келип, Кыргызстан бир нече жолу Тажикстандын куралдуу баскынчылык актыларына дуушар болгонун эске салды.


Ошону менен бирге КР өлкөлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен гана чечүүгө багытталганын жана Тажикстан менен эл аралык укуктун алкагында жана кабыл алынган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин негизинде сүйлөшүү процессин улантууга даяр экендигине ишен КР нр ошогодирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн