Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:46
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кулубаев Катар элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

24.02.2023 16:54
241
Кулубаев Катар элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн,  24-февралда  Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмад Аль-Сулайтини кабыл алды.


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду чыңдоо, анын ичинде жакынкы арада бийик жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашып, сапарлардын алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки тараптуу документтерге кол коюу маселелерин талкуулашты.


Министр Кулубаев саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыкты арттырууга негиз боло турган укуктук келишим базаны бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду.


Ошондой эле Кыргызстандын аймагында ишке ашуусу пландалган социалдык жана гуманитардык долбоорлорду тездетүү зарылдыгын белгиледи.


Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн, биргелешкен аракеттерди көрүүнү жана дайым байланышта болууну макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн