«Кыргызалтын» ачык акционердик коому тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчету каралып, кабыл алынды.
Мекемеден билдиришкендей, «Кумтөр ГолдКомпанинин» башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субановдун маалыматына ылайык, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча алтынды сатуудан түшкөн киреше пландалган 739,3 млн доллардын ордуна, 989,1 млн долларды түздү.
"Өткөн жылы Кумтөрдөгү тоо-кен иштеринин көлөмү пландалган 180,3 млн тоннанын ордуна189,1 млн тоннаны түздү. Алтын өндүрүү боюнча 12 тонна 509 кг план коюлган болсо, иш жүзүндө 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине болгон салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 177,5 млн доллар болсо, иш жүзүндө 184,8 млн доллар же 16,1 млрд сом болду. Ал эми план боюнча таза киреше 186,8 млн доллар деп белгиленсе, иш жүзүндө 397,4 млн долларды түздү», – деди Бузурман Субанов.
«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов: «Үстүбүздөгү жылы алдыбызда мындан дагы маанилүү милдеттер турат, аларды өз убагында ишке ашыруу бизден бир топ күч-аракеттерди жана ресурстарды талап кылат. 2025-жылы Кумтөр кен жайында жер астынан алтын казуу, Тоголок кенин өздөштүрүү жана Жаңгарт аянтында геологиялык чалгындоону улантуу сыяктуу милдеттер турат. Мындан тышкары, калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбоорун дагы ишке ашыруу зарыл», - деди.
Жыйындын жүрүшүндө Кубат Абдраимов ишкананын алдында турган милдеттерди эске салуу менен Кумтөр кен жайындагы коопсуздукту сактоого, анын ичинде кызматкерлерди кошумча окутуужана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн инспекциялоого көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн