Бугу 20, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

«Кумтөр» боюнча алды актанууда, калганы «кумга» башын катып жатат

26.05.2021 10:58
1579
«Кумтөр» боюнча алды актанууда, калганы «кумга» башын катып жатат


«Кумтөр» маселесин иликтеген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров алтын кени боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимдер мурдагы бийлик башында тургандардын коррупцияга малынып калышканынан улам болгонун белгиледи. Анын айтымында бийлик башында тургандар коррупцияга малынып алышканынан улам 30 жылга жакын убакыт ичинде канадалыктардын кызыкчылыгын коргоп, алардын позициясын бекемдеген документтерге кол коюлуп келген. 


«Кээ бирлер ойлогондой, мурдагы президент, өкмөт башчылардын баары эле чала сабат, билимсиз адам болгон эмес. Башканы айтпаганда дагы биринчи келишимге кол койдурган, «Кумтөр» Кыргызстанга өтө турган мөөнөтү жакындаганда реструктуризация өткөрүү чечимин чыгарткан академик Аскар Акаев жасап жаткан иштери карама-каршы келерин, мамлекетке чыккынчылык кылууга барабар болорун түшүнмөк. Анын билими да, тажрыйбасы да буга жетиштүү болчу», - деди ал. 


Демек, мамлекеттик комиссиянын төрагасы буга чейин бийлик башында турган президенттер, премьер-министрлер коррупцияга белчесинен батып алышканы үчүн «Кумтөр» Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеген эмес деген пикирди айтты да?...


Ушундан кийин биринчи болуп туңгуч президент Аскар Акаев үн катты. Ал ««Кумтөр» боюнча эң одоно мыйзам бузуунун башында Акылбек Жапаров турат» деди. Ал Акылбек мырзанын көбүнесе 2003-жылдагы келишимге басып жасап жатканын, ал эми Бакиевдин маалындагы 2009-жылдагы келишим тууралуу айтпай жатканын билдирди. 


«Кумтөр» боюнча маселе 2009-жылдагы келишимге барып такалат. Бирок, Акылбек Жапаров 2003-жылдагы Акаевдин келишимине басым коюп жатат. Себеби, 2009-жылдагы келишимди дал ушул Акылбек Жапаров түзгөн. Анын кеңеши менен Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште мыйзам катары бекитип берген. Бүгүнкү күндө «Центерра Голд» ушул 2009-жылдагы келишимдин негизинде арбитраждык сотко беребиз деп жатат. Анткени Бакиев менен Жапаров ушул келишимде эң чоң преференция берип коюшкан. Ал өз күнөөсүн жабыш үчүн 2003-жылдагы келишимге басым жасап жатат», - деди Акаев. Ошондой эле ал Акылбек Жапаров 2003-жылы да комиссияда негизги мүчө болгонун, Канададын Торонто шаарына чейин барып сый көрүп келип, анан аларды аябай мактаганын, келишимди колдогонун жана бир дагы кемчилигин айтпаганын кошумчалады. 


Акаевдин айткандарына ишенсек, ал «Кумтөр» кени боюнча түзүлгөн келишимде (анын убагындагы, 2003-жылдагы) Кыргызстандын кызыкчылыгы буулган эмес. Алтургай ал өзүн моралдык дагы жоопкерчилиги жок деп эсептейт. ««Кумтөрдүн» каймагын кийинки келген бийликтер калпыган» деп жатат. 


Андан кийин мурдагы президент Курманбек Бакиев маалымат каражаттары аркылуу жооп берди. Ал «Биз 2009-жылдагы келишим менен иштеп жатканда, 2003-жылдагы келишимге колу-бутубуз менен байланып калганбыз. Биз ак барактан баштагандай толук эркин боло алган эмеспиз», - деди. Мындай пикири менен ал Аскар Акаевди күнөөлөгүсү келгенин түшүндүк. 


Буга чейин премьер-министрликти кызматты аркалап келгендерден Темир Сариев үн катты. Ал дагы 2009-жылдагы келишимге көбүрөөк басым жасады. «Бул жерде бардыгы келип эле 2009-жылдагы келишимге такалат. Ал 2009-жылы кол коюлуп, парламент аркылуу бекитилип, анысы аз келгенсип, Конституциялык соттон «бул келишим туптуура, бардык кызыкчылыктар корголгон» деген корутунду чыгартып алышкан. Ошондуктан «Центерра» дайыма «эгерде бул келишимди бузсаңар, анда биз эл аралык арбитражка барабыз, Кыргызстандын сотун тааныбайбыз» деп турат. Анткени келишимдин шарттарында мына ошентип жазылып калган. Азыр Акылбек Жапаров келишим кыянатчылык менен кабыл алынып калганын айтты. Бирок, ошол жылы өкмөттүн мүчөсү болчу, биринчи-вице-премьер-министр кызматында турган. Келишим өкмөттүн чечими менен кабыл алынган да. Аны парламентке киргизип, күчкө салып эле бекиттирип коюшкан», - деди бул жагдай тууралуу Темир Сариев. 


Ошентип буга чейин бийлик башында тургандардын «Кумтөр» маселеси боюнча жооп бергендеринин баары өздөрүнө чаң жугузбай отурат. Күнөөнү башкаларга оодара салып, өздөрүн сүттөн ак көргөзүү менен алек. Ал эми Отунбаева, Атамбаев, Жээнбековдон жана дагы башка мурдагы өкмөт башчыларынан жооп бололек. Жооп болсо деле кандай жооп боло турганын боолголоого болот.


Мына ушунун өзү 30 жыл ичинде Кыргызстанда бийлик башына келгендердин эч кимиси туура эмес жасалган кадамдар үчүн жоопкерчиликти моюндарына алууга бара алышпай турганын түшүндүрүп турат. Мындай тенденция дагы уланбашы үчүн мыйзам алкагында буга чейинки ар бир чиновниктин («Кумтөр» боюнча келишимдерге тиешеси барларды) жоопкерчилигин караш керек. Ошондо гана мамлекеттик жогорку кызматтарга байлык топтоп, сөөлөт күтүш үчүн эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоп иштеп берем дегендер гана бара баштайт. 


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн