Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:01
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кумтөр: "Центерра" менен болгон сүйлөшүүлөр бүгүн дагы уланат

24.12.2021 09:40
1629
Кумтөр: "Центерра" менен болгон сүйлөшүүлөр бүгүн дагы уланат

23-декабрда Бишкекте «Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өттү. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясынын социалдык тармактагы расмий баракчасында белгиленет.


Маалыматка ылайык, жолугушуу жабык видеоконференция форматында болду.


Сүйлөшүүгө Кыргызстандын атынан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын сырткы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар катышты. Ал эми экинчи тараптан “Центерра Голддун” президенти жана башкы директору Скотт Перри катышты.


Тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алмашып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен катышуучулар талкууну эртең, 24-декабрда улантууну чечишти.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн