Бугу 06, 2024
Убакыт: 23:36
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Күн сайын өзүңүздү жакшыртуудан чарчабаңыз

08.02.2024 11:20
123
Күн сайын өзүңүздү жакшыртуудан чарчабаңыз


1. Окумуштуулар эрте уктап, эрте ойгонгон адамдардын өмүрү узун болорун мурда эле далилдеп коюшкан. Мындан тышкары, эрте турган адамдардын эмгеги да үзүрлүү болот.


2. Эртең мененки тамакты тоюп ичүү алуу керек. Себеби, эртең мененки тамак менен биз бир күнгө кубат жыйнап алабыз. Эки бутерброд менен бир чыны кофе сизге аш болбойт. Эртең мененки тамак жемиштүү, ары тоюмдуу болсо, түшкү тамак менен кечки тамакты иш күнүңүзгө карап ичесиз.


3. Эртең менен кичине көнүгүү жасоону унутпаңыз. Таңкы көнүгүү денеңизди чыңдап, уйкуңузду ачат.


4. Тааныштарыңызга да, жөн эле көчөдө кетип бара жаткан адамдарга да жылмайып жүрүңүз. Эч ким сизди “келесоо” деп кабыл албайт. Тескерисинче, сизди жылмайып жүргөн жана “жашоосуна ыраазы адам” деп кабыл алышат.


5. Белоктуу тамактарды көбүрөөк, таттуу менен холестерини бар тамакты азыраак жегенге аракет кылыңыз. Белок эт менен балыкта гана эмес, жемиштер менен жумурткада дагы көп. Мындан тышкары, туздуу тамактарды да аз колдонууга аракет жасаңыз.


6. Тамактанар алдында ачкарын бир стакан суу ичүү керек. Көпчүлүк диетологдор сууну көп ичкен адамдардын дарыланууга көп кайрылбастыгын айтышат. Мындан улам сууну көп ичүүнүн пайдасы кандай экендигин түшүнүү кыйын эмес. 


7. Баардык жаңылыктардан кабардар болуп жүрүүгө аракет кылыңыз. Ал сизге керек болбосо дагы жаңылыктарды билген адам ар дайым жакшы маектеш жана ар бир чөйрөнүн сүйүктүү коногу болот.


8. Күн сайын бир аз убактыңызды өзүңүздүн хоббиңизге арнаңыз. Ал 1-2 саат сизге телевизордон керексиз программа же жарнама көргөндөн алда канча жакшы таасир берет. Эгер хоббиңиз жок болсо, өзүңүзгө жаккан иш таап алып, күндө ошого бир аз убакыт бөлүп турууга аракет кылыңыз.


⠀9. Күн сайын өзүңүздү жакшыртуудан чарчабаңыз. Узак болбосо да күндө китеп окуп туруңуз. Анткени, биз китеп окуп жатып өзүбүздүн дүйнө таанымыбызды өстүрүп, эске сактоо жөндөмдүүлүгүбүздү жогорулатабыз.


10. Уктаар алдында таза абада сейилдеңиз, жакшы ой менен жатып, жаңы идеялар менен ойгонуңуз.   


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн