Сен жанымда болсоң, мен үчүн тозок да бейиш.
(Виктор Гюго)
Бейиш жакшы нерсе, бирок ага катафалкта барганың жаман да.
(Станислав Ежи Лец)
Бейиш – бул китепканасы суткасына 24 саат, жумасына жети күн бою ачык жер.
(Алан Бредли)
Куниктиги жана фигурасынын жамандыгы көп аялдардын бейишке баруусуна жардам берди…
(Минна Антрим)
Мен бейиш жөнүндө да, тозок жөнүндө дагы сөз кылгым келбейт, себеби, билесиңер да, эки жерде тең досторум бар.
(Марк Твен)
Аздектеп көмүлгөнүң бейишке барууңа кепилдик бере албайт.
(“Джессика Джонс” телесериалынан)
Мен өлөр замат түз эле бейишке барам, себеби, бул жакта тозокто жашадым.
(Стивенг Кинг)
Бейиште киши анчалык көп эмес тура.
(Джеймс Морроу)
Бейиште пиво болбойт, ошон үчүн аны бул дүйнөдө ичебиз.
(Лемми Килмистер)
Эгер бейиш бар экени чын болсо, ал жерде каакымдар аябай көп өссө керек.
(Джоди Пиколт)
Бейиш болуп турганда мен ага барганга үмүт кылсам болот.
(Пабло Эскобар)
Коркпой жашаган ар бир көз ирмемиң ошол бейиш эмеспи.
(Жиль Куртманш)
Ар бир адам бейишке баргысы келет, бирок өлгөндү эч ким каалабайт.
(Джо Луис)
Билесиң да, бейиш тууралуу маалыматардын баары бул дүйнөдө даярдалат.
(Хулио Кортасар)
Бейишти көрүп, кайра эле жоготуп алган кандай жаман!
(Антуан де Сент-Экзюпери)
Жашоо – бул бейишке кирер алдындагы карантин.
(Карл Вебер)
Боорукерлик менен аккөңүлдүк – бейиштин ачкычы.
(Петр Квятковский)
Башка түшкөн бардык кыйынчылыктарга, сыноолорго чыдасаң, бейиштин эшиги өзү эле ачылат.
(Гавриил Ургебадзе)
Жүрөгүңдү толугу менен Кудайга арнасаң, бейишти бул дүйнөдөн эле сезесиң.
(Архимандрит Иоанн(Крестьянкин)
Эмне, бейишти акы төлөбөй, бекер көргүң келеби?
(Татьяна Толстая)
Чырдашкан кишилер бейишке бара алышпайт.
(Брайан Патрик Линдон)
Бейиште бир жыл бир күндөй эле өтүп кетерин айтышат. Мен буга ишенем. Себеби, тозоктогу бир саат бир кылымдай сезилерин билем.
(Анна Кетрин Грин)
Бейишке жетиш үчүн жакшылыктан шаты жасаш керек.
(Петр Квятковский)
Тирүүлөрдүн дубасы маркумдардын бейишке баруусуна жардам берет.
(Мария Фариса)
Эгер мен таң менен кошо бейиш келерин билсем, бир да түн уктамак эмесмин.
(Стюарт Тёртон)
Бейиште чыныгы сүйүү өкүм сүрөт.
(Энн Бронте)
Бейишке алпарчу жол тозок аркылуу өтөт.
(Мария Фариса)
Баңгизат сени бейиштин босогосуна алып барат, бирок анын эшигин сен үчүн түбөлүк жаап салат.
(Мейсон Кули)
Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн