Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Куран окуткан жерден да чуу издегендерине таң калам, - Максат Сабиров

12.06.2020 10:58
2426
Куран окуткан жерден да чуу издегендерине таң калам, - Максат Сабиров

 

Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде куран окутууда көп сандагы адамдар чогулду, деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Белгилей кетсек, буга чейин “Кайнар” ресторанында Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутулуп, анда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө салынганына карабай бир топ мамлекеттик кызматкерлер, чиновниктер жүргөнү маалымдалган. Алардын арасында Максат Сабиров да болгон.


Депутаттын айтымында, ал жерде 20-30 гана киши чогулган. “Азыр мамлекет бардык жерде чектөөнү алып койду да, коомдук транспорттор иштеп жатат, кафелер, ишканалар, мончолор ачылды. Андай болсо баарына уруксат берип, ачпаш керек эле да. Мен билгенден бир жумадан бери куран окутуулар, тойлор өткөрүлүп жатат, 50дөн, 30дан ашырбай өткөндөр бар, андан көп киши чакыргандар да бар, мен көрүп эле атам. Ушундай жерден да чуу издегендерине таң калам”, - дейт Сабиров.  


Ошондой эле эл өкүлү чала көрүп алып, ар кандай маалыматтарды арбытып жарыялап жаткан кээ бир журналисстердин ишине нааразы болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн