Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Куран жарышта 80 өлкөнүн арасында 2-орунду алган Мухаммадияр кары Курбанбековду муфтийдин орун басары тосуп алды (фото)

25.02.2023 17:16
284
Куран жарышта 80 өлкөнүн арасында 2-орунду алган Мухаммадияр кары Курбанбековду муфтийдин орун басары тосуп алды (фото)


Иран Ислам Респуликасында өткөн дүйнөлүк Куран жарышында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча 80 өлкөнүн ичинен 2-орунду багынткан Мухаммадияр кары Курбанбековду бүгүн, 25-февралда “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган Дин башкармалыктын кызматкерлери, Мухаммадияр карынын ата-энеси жана жакындары тосуп алышты.   Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Азирети Муфтийдин биринчи орун басары бул жеңиш кыргыз эли үчүн чоң сыймык экендигин баса белгилеп, өлкөбүздө Куранды мыкты жаттаган жаштардын көбөйүүсү ыймандуу коомдун түзүлүшүнө өбөлгө экенин билдирди.


«Өлкөбүздө 1990-жылдардан тарта эле Куранды жат билген карыларыбыз дүйнөлүк жарыштарга катышып, биринчи орундарды багынтып келет. Бул жеңиш кыргыз элинин жеңиши, өлкөбүздүн таанылышы. Спорт чеберлерибиздин жана Куранды жат билген карылардын дүйнө жүзүндө туубузду көтөрүп келиши мамлекетибиз үчүн чоң жетишкендик», – деди Самидин кары Атабаев.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн