Бугу 10, 2024
Убакыт: 16:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан кайсы спортчулар катышат? (тизме)

07.09.2023 17:31
750
Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан кайсы спортчулар катышат? (тизме)


Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) курама командасы 16-24-сентябрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мелдеши болуп эсептелинет.

Белгиленгендей, беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.

16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Улуттук курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.

Эркин күрөш боюнча курама команда:

- 57 кг Алмаз Сманбеков;
- 65 кг Икромжон Хаджимурадов;
- 70 кг Эрназар Акматалиев;
- 74 Арсалан Будажапов;
- 86 кг Нарбек Изабеков;
- 97 кг Каныбек Абдулхаиров.

18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында беттеш өткөрүшөт.

Кыз-келиндер күрөшу боюнча курама команда:

- 59 кг Кальмира Билимбек кызы;
- 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
- 68 кг Мээрим Жуманазарова;
- 72 кг Нурзат Нуртаева;
- 76 кг Айпери Медет кызы.

21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков,башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектеп чыгат.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:

- 60 кг Жоламан Шаршенбеков;
- 67 кг Амантур Исмаилов;
- 77 кг Акжол Махмудов;
- 87 кг Азат Салидинов;
- 97 кг Бексултан Махмудов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн