Бүгүн, 29-майда Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соттук иши каралды.
Анда сот Курсан Асановго жана аны менен бирге айыпталып жаткандарга тагылган айыптар угузулду. Кийин иш убактысы бүтүп калганына байланыштуу соттук отурум 5-июнга саат 14:00гө жылдырылды.
Эске салсак, Курсан Асановго карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кылмыш жасоону уюштуруу, же анын аткарылышына жетекчилик кылуу”, “Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу”, “Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк”, “Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Мындан сырткары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жок кылган деп айыпталууда. Ошондой эле Асанов “мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти” деген жүйө менен 2019-жылдын август айында кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн