Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Курсан Асановдун сотунда судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү

12.06.2020 16:24
1114
Курсан Асановдун сотунда судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү

 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, анын айдоочусу Дамир Пайзылда уулу жана журналист Турсунбек Бейшенбековдун иши каралууда. Бул тууралуу Racurs.kg басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, соттук отурум башталганда журналист Турсунбек Бейшенбековдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова сотко ишенбөөчүлүк көрсөткөн.


“Өткөн соттук отурумда менин жактоомдогу Турсунбек Бейшенбеков ден соолугуна байланыштуу сотко келе албай калган. Сиз анын ооруп жатканын сотко келбей коюуга негиз болбойт деп протоколго киргизгенсиз. Сиз дарыгер эмессиз, анын оорусунун оор же жеңил экенин билгидей. Андыктан сизге ишенбөөчүлүк көрсөтөм, — деген Токтакунова.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн