Бугу 31, 2025
Убакыт: 20:45
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.105
1.140

Курулуш министри реновация боюнча мыйзам ЖКга быйыл киргизилерин айтты

30.05.2025 15:29
59
Курулуш министри реновация боюнча мыйзам ЖКга быйыл киргизилерин айтты


Реновациянын алкагында 100 батир жайгашкан жерге учурдагы технологиялар менен 1000 батир курса болот. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди. 


Министр депутаттардын суроосуна жооп берип жатып маселе татаал экенин, иштер акырындык менен жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, реновация боюнча мыйзам быйыл Жогорку Кеңешке киргизилет. 


Министр реновациянын зарылдыгын жердин жетишсиздиги жана эскилиги жеткен имараттар менен түшүндүрдү. 


"Совет доорунда курулган, 50-60 жыл мурдагы үйлөрдүн көбү авариялык абалга келип, кооптуу болуп калган. Жарандарды заманбап, коопсуз турак жай менен камсыз кылуу — мамлекеттин милдети. Азыркы технологиялар менен мурда 100 батир жайгашкан жерге эми 1000 батир курууга болот", — деди Орунтаев. 


Депутат Карим Ханджеза жарандардын үй-жайынан ажырап же өз аймактарынан куулуп чыгуусунан кооптонуп жатканын айтты. 


Министр эч ким күч менен көчүрүлбөй турганын, баш тарткандар эски үйлөрүндө жашай берсе болорун айтты. Ал эми реновацияга макул болгондорго, мисалы, 20 чарчы метр батирдин ордуна 25-30 чарчы метр жаңы батир берилерин түшүндүрдү. Ошентсе да тараптардын макулдашуусу жок эч кандай иш-аракет жасалбай турганы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн