Бугу 13, 2024
Убакыт: 06:03
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Күздөн баштап Кыргыз футболчулары Россияда легионер болуп саналбайт

09.06.2020 15:23
994
Күздөн баштап Кыргыз футболчулары Россияда легионер болуп саналбайт


Армения, Казакстан жана Кыргызстандын футболчулары Россиянын футбол боюнча күзүндө башталуучу жаңы сезонунда легионер болуп саналбайт. Бул тууралуу Sport24 басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, 9-июнда Россия футбол союзунун аткаруу комитетинин кезектеги отурму өтөт. Анда 2020-21-жылдагы сезондо Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн футболчулары Россия премьер-лигасында легионер болуп саналбоо маселеси каралат.


Буга чейин 1-июлдан баштап легионер статусун алып салуу каралган болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам Россиянын спорт министрлиги чектөөнү 1-августан тарта алуу сунушу менен кайрылган. Ал эми Белоруссиянын спортчулары 2019-жылдан бери Россияда легионер болуп саналбайт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн