Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:23
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Күзүндө эмне үчүн көп ооруйбуз?

26.09.2024 10:15
531
Күзүндө эмне үчүн көп ооруйбуз?


Күзүндө аба ырайы кескин өзгөрүп турганына байланыштуу курч вирустук оорулардын чыгышына алып келет. Биринчи кезекте астма, өнөкөт бронхит сыяктуу оорулар күчөйт.


Күзүндө иммунитет эмне үчүн төмөндөйт?


Аба ырайынын өзгөрүшү, температуранын төмөндөшү жана күндүн нурунун азайышы – күз, кыш мезгилинде иммундук системанын начарлашын шарттаган факторлор болуп саналат. Анын натыйжасында мурун жана тамак оорулары менен лорго (отоларингологго) тез-тез баруу башталат.


Күзүндө суук тийүүдөн кантип сактанса болот?


Биринчи кезекте аба ырайына жараша кийиниңиз. Жайдагы аба ырайына көнө түшкөндүктөн, көпчүлүк жылуу кийим кийүүгө көңүл бурушпайт.

Тамак-ашка витаминдерди кошуңуз. Мүмкүн болушунча жашылча, жер-жемиштерди күнүмдүк рационуңузда колдонууну көбөйтүңүз.


Тынч, абасы таза жерде сейилдеп басыңыз. Жок дегенде эртең менен турганда жеңил көнүгүүлөрдү жасап, андан кийин күнүңүздү баштаңыз.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн