Бугу 16, 2024
Убакыт: 23:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ленин райондук администрациясы Жаныбек Абировдун каражатына спорт аянтчасы курулганын четке какты

02.08.2023 12:06
251
Ленин райондук администрациясы Жаныбек Абировдун каражатына спорт аянтчасы курулганын четке какты


Ленин райондук администрациясы «Ала-Тоо» конушунда Жаныбек Абировдун каражатына спорт аянтчасы курулганын четке какты. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.


Алардын айтымында, 8-июлда ал жерде салтанаттуу шартта спорттук-эс алуу аянтчасы ачылган. 0,8 гектар аянтка футбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы, чуркоо аянтчасы, машыгуучу аянтча, пенсионерлер үчүн сырткы машыгуучу жабдуулар жана балдар аттракциондору курулган.


«Иш-чарага Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абиров активдүү катышкан. Маалымат каражаттарында «долбоорду Жаныбек Абиров жана анын командасы ишке ашырды» деген маалымат материалдары жарыяланды. Буга байланыштуу борбор кааланын жашоочулары бул жерди Абиров курдургандыр, балким өзүнүн мээнети менен тапкан каражатына курдурган деген пикирде калышкан», - деп билдиришти райондук администрациядан.


Бирок, акимчилик түшүндүргөндөй, бул участок республикалык бюджеттин эсебинен 14 миллион сомго курулган. Аянттын ачылышына Жаныбек Абиров чакырылган эмес, ал конок катары катышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн