Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Кундуз Ажибекова билдирди.
"Мен өткөндө шайлоонун үгүт иштерине аралашып жатат деген Бишкектин Ленин районун акими Чынасыл Чыныбаев жумуштан кетүү боюнча арызын жазды. Качып кете электе жоопко тарткыла, УКМК!",- деп билдирүү калтырган.
Белгилей кетсек, Чыныбаев 2020-жылдын август айынан бери акимдик кызматты аркалап келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн