Эки талапкер №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетинен баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, арызын кайтарып алгандар:
- Кадралиев Асылбек Мэлсович;
- Медеров Азамат Медерович.
Ошентип, 15-майга карата аталган округ боюнча талапкерлердин саны 30га түштү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн