Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ленин шайлоо округунда шайлоо күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

22.05.2023 15:34
346
Ленин шайлоо округунда шайлоо күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

 Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо учурунда Бишкек шаардык милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.


28-май күнү Бишкек шаарынын Ленин районунда бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болуп өтөт.


Азыркы учурда агитациялык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ленин району боюнча жалпы 51 жерде шайлоо участоктору иш алып барып, Бишкек шаардык ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Ички иштер министрлигинен кошумча күч-каражаттар тартылып, координациялоочу жумуштар жүргүзүлөт.


Бул шайлоого даярдыктарды көрүүдө жана өткөрүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлерине өз ыйгарымдарынын чегинде мыйзамдуулуктун сактылышын жана коомдук тартиптин камсыздалышын көзөмөлдөө боюнча бир катар тапшырмалар Ички иштер министрлигинде өткөн онлайн кеңешмеде берилди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн