Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ленинское айылынан жоголгон 18 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

01.03.2022 10:53
490
Ленинское айылынан жоголгон 18 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Павел Тигайды издөө иштери токтотулду. 28-февралда анын жансыз денеси табылды дешти облустук ички иштер башкы башкармалыгынан.


Белгилүү болгондой, Кайырма жана Ленинское айылынын ортосунда аты-жөнү белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу милицияга билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам топ барып, маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзгөндө көгала тактар болгон эмес.


"Бул факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталды. Ага ылайык, каза болгон жаран дайынсыз болуп изделип жаткан 2004-жылы туулган Павел Тигай экени такталды. Учурда тергөө амалдары улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн