Бугу 08, 2024
Убакыт: 06:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Лейлек районунда 4 жылдан бери мыйзамсыз ишкерлик менен алектенип жүргөн тажик жараны кармалды

27.04.2022 14:27
1016
Лейлек районунда 4 жылдан бери мыйзамсыз ишкерлик менен алектенип жүргөн тажик жараны кармалды

Лейлек райондук милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Лейлек районунун аймагында Лейлек РИИБдин кызматкерлери тарабынан “Арсенал” иш-чарасы уюштурулуп, катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам иштер аткарылууда.


Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Б.Гафуров районунун тургуну 40 жаштагы М.Дж. Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, Лейлек РИИБи тарабынан 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.


Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн